Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 08.08.2014 16:45

Базар-Коргон, Ноокен райондорунда буудай толугу менен орулуп, жыйналып бүттү

Turmush -  Бүгүнкү күндө Базар-Коргон, Ноокен райондорунда буудай толугу менен орулуп, жыйналып 100%га аткарылды. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу секторунун башчысы Абдикамал Суяров облус боюнча айыл чарба тамагында 2014-жылдын 6-августуна карата аткарылган иштер боюнча облустук штабта маалымат берип жатып билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, ал эми Сузак районунда 10 миң 363 га буудай аянты орулуп, же 98%га аткарылды. Аксы районунда 488 га буудай аянты орлулуп жыйналып, 70,3%ды түздү. Ала-Бука районунда 3 миң 850 га жыйналып, 92%га, Токтогул районунда 90 га буудай аянты орулуп, 17 пайызга аткарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×