Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 26.08.2014 13:17

Арстанбап айыл аймагында улуттук алыш күрөшү мелдеш өткөрүлдү

Turmush -  Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагындагы Турбазада 16-17-август күндөрү Мамлекеттүүлүктү бекемдөөжылына карата туризмди өнүктүрүү жана улуттук алыш күрөшүн дүйнөгө кеңири жайылтуу максатында күрөш боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Райондук мамлекеттик администрациянын басма сөз кызматы маалымдагандай, мелдеш аким Таалайбек Долдоевдин уюштуруусу жана «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Сайдилла Нышановдун демөөрчүлүгүастында уюштурулду.

Күрөштүн ачылышында аким сөз сүйлөп,балбандарга каалоо тилектерин айтты.

Ошондой эле, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Ө.Текебаев, С.Нышанов, У.Нуркулов, Б.Калмаматов жана М.Бакиров катышты.

Коңшу мамлекеттерден жана республиканын бардык региондорунан келип күч сынашкан бул мелдештин жыйынтыгында баш байгени Базар-Коргон районунун Көк-Алма айылынын балбаны Манан жеңишке жетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×