Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 03.09.2014 15:43

Базар-Коргон районунда август кеңешемеси болуп өттү

Turmush -  Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында өткөн жумада 2013-2014-окуу жылында аткарылган иштер жана жаңы 2014-2015-окуу жылындагы милдеттер жөнүндө билим берүү кызматкерлеринин Август кеңешмеси болуп өттү, деп билдирет райондук мамадминистрациянын басма сөз кызматы.

Бул иш-чарага райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Таалайбек Долдоев катышып, эң алдынкы мугалимдерди райондук мамлекеттик администрациясынын Ардк грамотасы менен сыйлады.

Ошондой эле, Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Усенов Тыныч райондогу жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.

Анын айтымында, 2013-2014-окуу жылында мектептерде 2346 педагогикалык мугалим иштеди. Район боюнча жалпы мектептердин саны 65 болсо, анда 29304 окуучу билим алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×