Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 03.09.2014 17:09

Базар-Коргондун Бел-Терек айылында 2 баланын мектепке баруудан баш тартуусу турмуш шартына байланыштуу, - райадминистрациясы

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айыл аймагында жайгашкан Бел-Терек айылындагы №39 Бел-Терек атындагы мектепте 2 баланын окубай жатышы алардын турмуш шартына байланыштуу, деп билдирет райондук мамлекеттик администрациясынын инвестиция боюнча кызматкери Сагындык Кудайбердиев.

Эске сала кетсек, ата-энелер комитетинин төрагасы Абдыманап Байтемиров Бел-Терек айылынын айрым тургундары балдарын мектепке берүүдөн баш тартышып жатканын айтып, кыш мезгилинде бардык ата-энелер «балдарды Бел-Терек мектебине окутпайбыз» деген чечимге келип жатышканын билдирген болчу.

С.Кудайбердиевдин айтымында, Бел-Терек атындагы мектептин имаратынын сапаты боюнча 2010-2012-жылдары Өзгөчөкырдаалдар министрлигинин Мониторинг департаментинин адистери тарабынан изилдөөжүргүзүлүп, мектеп имаратын жараксыз деп табышкан.

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын киришүүсү менен 2013-жылы №39 Бел-Терек мектебине жаңы имарат куруу максатында республикалык бюджеттен 500 миң сом акча каражаты ажыратылып, долбоору, сметалык баасы даярдалган. Ал эми 2014-жылы мектептин курулушун баштоого республикалык бюджеттен 3 млн акча каражаты каралып, Жалал-Абад областтык капиталдык курулуш башкармалыгы (УКС) тарабынан тендер уюштурулган. Бирок белгисиз себептер менен курулуш иштери баштала элек.

«Азыркы 2014-2015-окуу жылында №39 Бел-Терек орто мектебинде 260 окуучу окуйт. Мектептин жаңы 2014-2015-окуу жылына карата даярдыгына республикалык бюджеттен 21 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 5 миң сом акча каражаты ажыратылып, толук ремонттон өткөрүлүп, жаңы окуу жылына толук даярдык көрүлгөн», - дейт С.Кудайбердиев.

Ал эми 2 баланын ал мектепте окубай калганынын себеби турмуш шартына байланыштуу башка мектепке которулган.Калган окуучулар толук окуп жатышат, деп кошумчалады ал.

Тема боюнча: Базар-Коргон районундагы Бел-Терек айылындагы мектептин полдору чирип, дубалдарынан жаракат кеткен имаратта балдар кооптонуу менен окушууда

9

11

12

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×