Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 18.09.2014 12:28

Базар-Коргондун акими Т.Долдоев Сейдикум айыл аймагынын дыйкандары менен пахта талаасында жолугушту (фото)

Turmush -  Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Таалайбек Долдоев кечээ, 17-сентябрь күнү Сейдикум айыл аймагынын дыйкандары менен пахта талаасында жолугушту, деп билдирди райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2014-жылда Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районун Сейдикум айыл аймагындагы ННН-3 мамлекеттик үрөн чарбасында 5 гектар аянтта Кытай Эл Республикасынын пахта өстүрүү агротехникасы менен 5 гектар аянтка үрөн үчүн 90 см катар аралыгында кош катарлап, пленка астында, тамчылатып сугаруу ыкмасы менен пахта өстүрүлгөн.

Катар аралыгы 90 см кош катарлап, көчөттөр аралыгы 15 см болгондо, теориялык жактан 1 га аянтта 146 миң түп көчөт болмок.

А 1

А 2

А 3

А 4

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×