Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 20.09.2014 11:51

Жалал-Абад областы боюнча билим берүү тармагында жылдын жыйынтыгын чыгарууда Базар-Коргон району II орунду алды

Turmush -  Базар-Коргон районунда 2014-2015-окуу жылына карата мектептерди катардагы ремонттон өткөрүп, даярдоо максатында 2014-жылдын 20-июну күнү «КР Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамынын негизинде көтөрмөчү (подрядчик) тандоо үчүн тендер өткөрүлгөн.

Райондук мамадминистрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, жарыяланган тендерге 4 көтөрмөчү катышып, алардын ичинен жеке ишкер Ы.Рахманов женүүчү болуп табылган. Жеке ишкер аркылуу Республикалык бюджеттен бөлүнгөн 3 млн 30 миң 100 сомдук сапаттуу курулуш материалдары сатып алынып, мектептер сапаттуу ремонттон өткөрүлгөн.

«27-августта Жалал-Абад областы боюнча райондор жана шаарлар аралык билим берүү тармагында жылдын жыйынтыгын чыгарууда Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү II орунду алды», - деп кошумчаланат маалыматта. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×