Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 26.09.2014 11:49

Базар-Коргон районунда 9-11-октябрда ден соолугунун мүкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында областтык V спартакиадасы өткөрүлөт

Turmush -  Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунда 9-11-октябрда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын (ДМЧА) областтык V спартакидасы өткөрүлөт. Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул максатта Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунда каралган каражаттын эсебинен 40 000 сом бөлүндү.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасындагы областтык V спартакиадада анын катышуучулары спорттун 5 түрү боюнча мелдеш өткөрүшөт.

Спартакиаданын катышуучулары кол күрөшү же армрестлинг, коляска менен жарышуу, шахмат, шашки жана гир көтөрүү боюнча өз күчтөрүн сынашат.

«Кыргызстан боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасындагы спартакиада бир гана Жалал-Абад областында беш жылдан бери ийгиликтүү өткөрүлүп келе жатат. Бул саамалыктуу демилгени республикабыздагы башка областтары дагы колдоого алышса жакшы болоор эле. Анткени, паралимпиада оюндарында эртең эле Кыргызстандын туусун көтөрүүчү олимпиада чемпиондору биз өткөрүп жаткан спартакиаданын жеңүүчүлөрү болуп калаары талашсыз»,- дейт Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Абдиллабек Камбаров.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасындагы областтык V спартакиаданын жеңүүчүлөрүнүн байгелерин Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы берет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×