Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 01.10.2014 10:53

Базар-Коргондо акыркы 9 ай ичинде 607 млн 564 миң 500 сомго инвестиция тартылды

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда быйыл 2014-жылдын 9 айында тартылган инвестициянын көлөмү 607 млн 564 миң 500 сомго жетти. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч былтыркы 2013-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 128 млн 761 миң 800 сомго көп жана 126,9%ды түзөт. Анын ичинен ички инвестициянын көлөмү 494 млн 418 миң 500 сомду түзсө, былтыр 2013-жылга салыштырмалуу 132,8%га өскөн.

Ал эми, тышкы инвестициянын көлөмү үстүбүздөгү жылдын 9 айында 113 млн 146 миң сом болуп, 106,2%га жетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×