Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 08.10.2014 13:24

Базар-Коргон районунда 430 жаран «Айыл банк» аркылуу 134 млн жеңилдетилген насыя алган

Turmush -  Базар-Коргон районунда жеңилдетилген 10%дык насыя алуу үчүн 2014-жылдын 9 айында 430 жаран кайрылып, 134 млн 710 миң сом сураган. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү , мал чарбасын жана айыл чарбасындагы кайра иштетүүчү секторду келечекте өнүктүрүү максатында райондун аймагындагы «Айыл» банк тарабынан 134 млн 710 миң сом насыя берилди.

Анын ичинен талаачылыкка 74 дыйкан 15 млн 780 миң сом, 352 жаран 111 млн 180 миң сом жана кайра иштетүүгө 4 жаран 7 млн 750 миң сом сурап кайрылып, ал эми анын ичинен алгандардын саны 151 жаран 51 млн 660 миң сом женилдетилген 10% кредиттен алышкан.

Талаачылыкка 14 жаран 4 млн 650 миң сом алса, мал чарбасына 133 жаран 44 млн 710 миң сом алып, ал эми кайра иштетүүгө 4 жаран 2 млн 350 миң сом алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×