Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 08.10.2014 13:51

Базар-Коргондогу 1 ай мурда оңдолгон Бел-Терек орто мектебинин методикалык бөлмөсү урап калуу коркунучунда (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Бел-Терек орто мектебинин методикалык бөлмөсү урап калуу коркунучунда болгондуктан айланысына кызыл лентадан белги коюлду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Бел-Терек орто мектебинин мугалимдер жамааты маалымдагандай, аталган мектеп жергиликтүү бийликтин күчү менен утурумдук оңдоп-түзөөдөн өткөн. Бирок ага карабастан мектептин мугалимдер бөлмөсүнүн дубалынын жаракалары чоңоюп, ажырап калуу коркучунда болгондуктан дубалга зымдарды тарттрышып, шыбап бириктиришкен. Ал 1 айга жетпей кайрдана ажырай баштады.

«Кокустан дубал урап түшүп, окуучулар жабыркап калбасын деген максатта сыртына атайын белги койдук. Мугалимдер башка класска которулуп, сабагын уланта беришет. Бирок корунуч бар», - дейт окутуучу Байыш Мавлянкулов.

Кошумчалай кетсек, 1960-жылдары ашар жолу менен салынган Бел-Терек мектебинде учурда 238 окуучу билим алып, 23 мугалим эмгектенет жана Жалал-Абад облусундагы авариялык абалда турган мектептердин катарына кирет.

А 1

А 2

А 3

А 4

А 5

А 6

А 7

А 8

А 9

А 10

А 11

А 12

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×