Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 21.10.2014 18:29

Базар-Коргон районунда 9 айда өнөр жай тармагында 182 млн 445 миң сомдук продукция өндүрүлгөн

Turmush -  Базар-Коргон районунда 2014-жылдын 9 ай аралыгында өнөр жай тармагында салыштырма баада 182 млн 445 миң сомдук продукция өндүрүлгөн. Бул тууралуу Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өндүрүштүн көлөмү өткөн жылга карата 188,0%га, ал эми кабыл алынган прогнозго карата 139,1%га өстү.

Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 85 млн 401,1 мин сомго, прогнозго карата 51 млн 280,9 миң сомго көп болуп, өнөр жай продукцияларынын физикалык көлөмү 107,3%га аткарылган, же болбосо 2013-жылдын 9 айындагы физикалык көлөмдөн 20,4%га көбөйгөн.

Жалпы өндүрүлгөн өнөр жай продукцияларынын ичинен 65 млн 93,2 миң сомдук продукция калктын жеке секторуна туура келип, өткөн жылга салыштырмалуу 128,6%га же 14 млн 550,6 миң сомго көп продукция өндүрүлүп, жалпы өндүрүлгөн өнөр жай продукцияларынын 35,8%ын түзөт.

Ири өнөр жай ишканаларында 117 млн 51,8 миң сомдук продукция өндүрүлүп, өткөн жылга карата 70 млн 850,5 миң сомго көп өндүрүлүп, 153,3 %ды түзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×