Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 21.10.2014 18:31

Базар-Коргон районунда 9 ай ичинде айыл чарба өндүрүшү 4,9 млрд сомду түзүп, 102,0%га аткарылды

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 9 ай ичинде айыл чарба өндүрүштүн көлөмү салыштырма баада 4 млрд 917 млн 435 миң сомду түзүп, 102,0%га аткарылды, деп билдирет райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы.

Бул көрсөткүч өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата 174 млн 995 миң сомго көбөйсө, прогнозго карата 87 млн 495 миң сомго көбөйгөн.

Чекене товар жүгүртүүнүн көлөмү район боюнча 2014-жылдын 9 айында 1 млрд 96 млн 150,9 миң сомду түзүп, 2013-жылдын жылдын көлөмүнө салыштырмалуу 136,8%га, прогнозго карата 135,2%га аткарылып, өткөн жылга карата 295 млн 198,9 миң сомго, прогнозго карата 285 млн 587,5 миң сомго көп товар жүгүртүлдү.

Акылуу кызмат көрсөтүүнүн көлөмү жалпы район боюнча 176 млн 142,1 миң сомду түзүп, өткөн жылдын көлөмүнө салыштырмалуу 293,7%га, 2014-жылдын прогнозуна карата 286,5%га аткарылып, өткөн жылга карата 116 млн 161,2 миң сомго, прогнозго карата 114 млн 660,9 миң сомго көп кызмат көрсөтүлдү.

«Бирок, өткөн жылдын 9 айына салыштырмалуу райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору тарабынан 77,5%га, АКБ банкынын филиалы тарабынан 89,4%га аткарылган», - деп билдирди басма сөз кызматы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×