Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 22.10.2014 09:38

Базар-Коргон району боюнча капиталдык салымдарды өздөштүрүүнүн көлөмү 9 айда 237 млн 715 миң сомду түздү

Turmush -  Базар-Коргон району боюнча капиталдык салымдарды өздөштүрүүнүн көлөмү 9 айда 237 млн 715 миң сомду түзүп, өткөн жылдын 9 айында аткарылган 139 млн 201 миң 900 сомдук көлөмүнө салыштырмалуу 98 млн 513 миң 100 сомго ашыкча аткаруу менен 170,7%га жетти, деп билдирет райондук мамлекеттик администрациянын басма сөз кызматы.

Ал эми 2014-жылдын капиталдык салымдарды өздөштүрүүнүн прогнозунда 167 млн 787 миң 300 сомго карата 141,6%га аткарылып, 2014-жылдын 9 айына каралган пландагы прогнозго салыштырмалуу 69 млн 927 миң 700 сомго капиталдык салым ашыкча өздөштүрүлдү.

Ал эми айыл аймактар боюнча өздөштүрүлгөн капиталдык салымдын көлөмү 2014-жылдын 9 айында 90 млн 933 миң 100 сомду түзүп, өткөн жылдын 9 айында аткарылган 63 млн 708 миӊ 400 сомдук көрсөткүчүнө карата 98 млн 513 миң сомго көп аткарылып же 170,7%ды түзгөн. Мындай жетишкендиктерге райондук мамлекеттик администарциясынын социалдык объектилерге, анын ичинде билим берүү тармагы боюнча республикалык бюджеттен каржылоо иштери боюнча акча каражатын бөлдүрүүдө жасаган аракетинин натыйжасында бир топ объектилер башталып, 2014-жылдагы райондун социалдык- экономикалык багытында капиталдык салымды өздөштүрүүдө курулуп жаткан объектилердин өз салымдары кошулуп келүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×