Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 23.10.2014 10:28

Базар-Коргон районундагы №52 кесиптик лицейинде 2013-2014-окуу жылында 137 студент билим алды, - райадминистрация

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы №52 кесиптик лицейинде 2013-2014-окуу жылында 137 студент билим алды. Бул тууралуу Базар-Коргон райондук мамадминистрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар фермер, ашпозчу, куруучу, ветеринардык фельдшер, ширетүүчү, тигүүчү кесиптерине бюджеттик негизде окуп, үйрөнүштү. Ал эми, 85 студент акы төлөп, тигүүчү, ширетүүчү, ашпозчу-кондитер адистиктери боюнча билим алды.

Маалым болгондой, аталган окуу жайы 1963-жылы негизделип, 480 орундуу үч кабаттуу окуу имаратынан турат. Анын 200 орундуу жатаканасы, 100 орундуу ашканасы бар жана лицейдин материалдык базасы бүгүнкү күндүн талабына жооп берет.

Белгилей кетсек, окуу жайында жалпы 58 инженер-педагогикалык кызматкер эмгектенет. 9-кластын базасында айыл-чарба өндүрүшүнүн устаты, куруучу, ашпозчу-кондитер кесиптери боюнча, ал эми, 11-класстын базасында ветеринардык-фельдшер, тигүүчү-бычмачы, ширетүүчү кесиптерине үйрөтүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×