Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 05.11.2014 09:24

Базар-Коргон районунун борбордук базарында жаңгактын 1 кг 120 сомдон 135 сомго чейин сатылууда

Turmush -  Базар-Коргон районунун борбордук базарында жаңгактын бир кило баасы 120 сомдон 135 сомго чейин сатылууда.

Аймактык кабарчы билдиргендей, жаңгак жайыты бар тоолуу аймактын тургундары өздөрүнө бөлүнгөн үлүш токойлордон өткөн жылдарга салыштырмалуу 2-3 эсеге чейин көп түшүм алышканын билдиришти.

Учурда күнүнө орточо эсеп менен 20 тонна жангак сатылууда. Сатылган жангакты райондун борборуна жакын жайгашкан айыл тургундары маңыз кылып сатышат. Ал эми бир кило маныздын баасы 350-400 сомдон сатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×