Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 10.11.2014 13:50

Базар-Коргон районунда JEDAI окуу борборунун бүтүрүүчүлөрү сертификаттарга ээ болушту

Turmush -  Базар-Коргон районунун борборундагы «Ак-Тайлак» эс алуу борборунда 8-ноябрь күнү JEDAI окуу борборунун бүтүрүүчүлөрүнө атайын курстарды бүтүргөндүгүүчүн сертификаттар тапшырылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Бул иш-чарага райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү Данияр Саипов, Сагындык Кудайбердиев, кээ бир мекеме-уюмдардын жетекчилери жана бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери, JEDAI окуу борборунун жамааты болуп 100дөн ашык катышуучулар катышты.

JEDAI окуу борбору Базар-Коргон районунун жаштарын атайын курстарда окутууда. Атап айтсак, англис тили, орус-тили, немец тили жана компьютердик курстар боюнча билим берип, сертификаттарын тапшырат. Бул окуу борбордон 2013-жылдын сентябрь айынан бери 300 бүтүрүүчү билим алган.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×