Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 18.12.2014 16:14

Базар-Коргондун Баймундуз айылында 90 орундуу бала бакча ачылды

Turmush -  Базар-Коргон районундагы Баймундуз айылында кечээ, 17-декабрда 90 орундуу «Баластан» бала бакчасы ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, аталган бала бакчанын курулушуна жана жабдыктарды сатып алууга 6 млн 600 миң сом каражат жумшалды.

Бала бакчанын башчысы Гүлзат Сайдиева билдиргендей, 450 миң сомду жергиликтүү калк топтоп берди.

Анын айтымында, балдар бакчанын ачылыш салтанатына Жогорку Кеңештин депутаты Ө.Текебаев катышып, кызыл тасмасын кести.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×