Turmush — Кыргызстанда жалпы 34 шаар бар. Алардын ичинен Бишкек жана Ош республикалык маанидеги шаар болуп саналат.
Облустук маанидеги шаарлар: Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Каракол, Балыкчы, Нарын, Токмок, Кара-Балта, Кант жана Талас шаарлары.
Райондук маанидеги шаарлар: Раззаков, Айдаркен, Кадамжай, Көк-Жаңгак, Кербен, Кочкор-Ата, Токтогул, Чолпон-Ата, Алай, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Кемин, Орловка, Кайыңды, Шопоков, Шамалды-Сай жана Базар-Коргон.
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамга ылайык, райондук маанидеги шаарлардын мэрин аким дайындайт. Ал эми Бишкек, Ош шаарларынын жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери президент тарабынан дайындалат.
2026-жылдын 19-февралына карата калаа мэрлеринин орточо жашы — 39-45.
- Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарынын мэри Раимжанов Жаныш Авазбекович 1996-жылы 26-апрелде Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында туулган (29 жашта).
- Чүй облусундагы Орловка шаарынын мэри Койшыбаев Аман 1995-жылы туулган (31 жашта).
- Чүй облусундагы Кайынды шаарынын мэри Шейшенов Рысбек Таалайбекович 1994-жылы 22-майда туулган (31 жашта) Нарын облусунун Кочкор районунда туулган.
- Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарынын мэри Жантаев Баатырбек Темиржанович 1993-жылы 23-февралда Ош облусунун Өзгөн районунда туулган (32 жашта).
- Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарынын мэри Бактыбеков Бекмамат Бактыбекович 1992-жылы 7-июлда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Коткор айылында туулган туулган (33 жашта).
- Алай районундагы Гүлчө шаарынын мэри Тажибаев Нурсултан Эшеналиевич 1991-жылы 13-апрелде туулган (34 жашта).
- Ош облусундагы Кара-Суу шаарынын мэри Эрмаматов Ислам Жолдошбаевич 1989-жылы 2-январда Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Кашка-Суу айылында туулган (37 жашта).
- Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарынын мэри Бектуров Алтынбек Жунусович 1988-жылы 2-июнда Нарын районунун Эмгекчил айылында туулган (37 жашта).
- Жалал-Абад облусундагы Кок-Жаңгак шаарынын мэри Малабеков Данияр Турусбекович 1988-жылы 22-январда туулган (38 жашта).
- Чүй облусундагы Шопоков шаарынын мэри Норузбаев Раджу Дуйшенкадырович 1987-жылы 23-мартта Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Октябрь айылында туулган (38 жашта).
- Ош облусунун Өзгөн шаарыны мэри Саипбаев Нурланбек Жаныбекович 1987-жылы 8-майда (38 жашта).
- Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон шаарынын мэри Мамбеталиев Нурмухамед Камалбекович 1986-жылы 29-октябрда Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылында туулган (39 жашта).
- Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын мэри Кадыркулов Рустам Болотбекович 1986-жылдын 26-мартында Токмок шаарында төрөлгөн (39 жашта).
- Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарынын мэри Иманов Талантбек Орускулович 1986-жылы 5-декабрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Үч-Кайнар айылында туулган (39 жашта).
- Ош шаарынын мэри Акаев Жанар Кубанычович 1986-жылы 13-декабрда Ош облусунун Алай районуна караштуу Кабылан-Көл айылында туулган (39 жашта).
- Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаарынын мэри Тажимырзаев Эдилбек Садырбекович 1985-жылы 14-июнда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Ак-Жол айылында туулган (40 жашта).

- Баткен облусундагы Раззаков шаарынын мэри Жоробаев Адилбек Сүйүнбаевич 1985-жылы 21-октябрда туулган (40 жашта). Ал 2026-жылдын 4-мартында кызматтан кеткен. Анын ордуна дайындала элек.
- Баткен облсундагы Сүлүктү шаарынын мэри Абдыжапаров Болот Шаршеналиевич 1984-жылы 24-июлда Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган (41 жашта).
- Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэри Орозбаев Эрк Нарынбекович 1984-жылы 2-мартта Аксы районунун Караван айылында туулган (42 жашта).
- Талас шаарынын мэри Асылбеков Нургазы Чолпонкулович 1983-жылы 3-декабрда Айтматов районунун Бакыян айылында туулган (42 жашта).
- Нарын шаарынын мэри Беккелдиев Жылдызбек Рысбекович 1982-жылы 7-майда Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында туулган (43 жашта).
- Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаарынын мэри Байгазиев Алмаз Белекович 1982-жылы 13-февралда туулган (44 жашта).
- Чүй облусунун Кант шаарынын мэри Майлибашев Улан Бекболотович 1980-жылы 15-сентябрда туулган (45 жашта).
- Чүй облусунун Кемин шаарынын мэри Абдывалиев Кайрат Замирбекович 1980-жылы 21-февралда туулган (45 жашта).
- Жалал-Абад облусундагы Кочкор-Ата шаарынын мэри Нарматов Азамат Эгембердиевич 1979-жылы 26-сентябрда туулган (46 жашта).
- Чүй облусундагы Токмок шаарынын мэри Шакиров Кутпидин Абдырахманович 1977-жылы 6-июнда Кадамжай районунун Жаңы-Коргон айылында туулган (48 жашта).
- Баткен облусундагы Айдаркен шаарынын мэри Мурзажанов Алтынбек Саматович 1977-жылы 7-мартта туулган (48 жашта).
Чүй облусундагы Кара-Балта шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Исаков Алмаз Карыпович 1977-жылы 4-ноябрда туулган (48 жашта).
- Бишкек шаарынын мэри Жунушалиев Айбек Жанышбекович 1976-жылы 6-июлда Чүй районунун Кегети айылында туулган (49 жашта).
- Баткен облусундагы Кадамжай шаарынын мэри Бегалиев Бакытбек Турдалиевич 1971-жылы 4-сентябрда туулган (54 жашта).
- Баткен шаарынын мэри Кулубаев Сейтек Дөлөтбекович 1971-жылы 19-мартта туулган (54 жашта).
- Ноокен районунун Шамалды-Сай шаарынын мэри Тотонов Мирбек Субаналиевич 1965-жылы 31-июлда туулган (60 жашта).
- Жалал-Абад шаарынын мэри Маткаликов Абдупата Жороевич 1964-жылы 1-январда Жалал-Абад шаарында туулган (62 жашта).
- Ош облусундагы Ноокат шаарынын мэри Абдибаев Аскарали Рысбекович 1963-жылы 9-декабрда Ош облусунун Араван районуна караштуу Ноокат айылында туулган (62 жашта).