Turmush — Каракол шаарындагы №11 жалпы билим берүү мектебине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үч жолку депутаты Жангороз Каниметовдун ысымы расмий ыйгарылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, бул чечим 2026-жылдын 13-мартында юстиция органдарынан расмий каттоодон өткөн.
Жангороз Каниметов педагог, мамлекеттик ишмер, педагогика илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси, Кыргыз ССРинин билим берүүсүнүн отличниги, СССРдин билим берүүсүнүн отличниги, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үч жолку депутаты.
Мектептин директору Жоомартбек Карыбаевдин айтымында, 2025–2026-окуу жылы мектеп үчүн тарыхый жыл болду.
«Биринчиден, 2026-жылы мектебибиздин түптөлгөнүнө туура 60 жыл болду. Экинчиден, Каракол шаарындагы №11 жалпы билим берүү мектебине Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү инсандарынын бири Жангороз Каниметовдун ысымы расмий түрдө ыйгарылды. Үчүнчүдөн, мектебибиз Азиялык өнүгүү банкынын колдоосунда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин “Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо” долбоорунун алкагында өлкө боюнча тандалган 23 мектептин катарында инновациялык мектеп статусун алуу алдында турат. Ошондуктан 2026-жыл мектеп жамааты, окуучулар, бүтүрүүчүлөр жана ата-энелер үчүн чоң жана маанилүү дата болуп эсептелет», — деди жетекчи.
№11 жалпы билим берүү мектеби 1966-жылы М.Горький атындагы жалпы орто билим берүү мектеби болуп негизделген. Ошол мезгилден бери жаш муундарды тарбиялап, орто билим берип, коомго татыктуу инсандарды даярдап келе жатат.
Мектептин билим берүү жана тарбия багытындагы жетишкендиктеринин негизинде 1991-жылдын 15-августунда ага мектеп-гимназия макамы берилген. 1991-жылдан 2009-жылга чейин окуу жай М.Горький атындагы №11 мектеп-гимназиясы деп аталып келген. Ал эми аттестациядан кийин 2009-жылы аталышы өзгөртүлүп, «Каракол шаарынын №11 жалпы орто билим берүү мектеп-гимназиясы» деп аталган.
Мектеп түзүлгөн күндөн тартып бүгүнкү күнгө чейинки жетекчилери төмөнкүлөр:
1966–1976-жылдары — Пода Валентина Федоровна;
1976–1978-жылдары — Илющенко Иван Сергеевич;
1978–1999-жылдары — Мусина Надежда Павловна;
1999–2016-жылдары — Осмоналиева Кулиза Осмоналиевна;
2016–2024-жылдары — Сөйкөева Гульзат Кудайбергеновна;
2025-жылдан бери — Карыбаев Жоомарт Өмүрбекович.
Мектепте 7 усулдук бирикме иш алып барат.
Окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Айбек Асанбековдун айтымында, мектеп 60 жылдык тарыхында көптөгөн жетишкендиктерге жетишти.
«Окуучулар райондук, облустук жана республикалык олимпиадаларда, ар кандай илимий жана маданий сынактарда байгелүү орундарды ээлеп келишет. Мектеп окуучулары билим алуу менен гана чектелбестен, спорт, маданият жана чыгармачылык багыттарында да ийгиликтерди жаратып келишет. Акыркы жылдарды эле алсак, 2024–2025-окуу жылында мектептин бүтүрүүчүсү Догдурбаева Касиет жалпы республикалык тестирлөөдө 232 упай топтоп, алтын сертификатка ээ болгон. Ушул эле жылы 8 бүтүрүүчү 200дөн ашык упай топтоп, Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдөгү мыкты окуу жайлардын студенттери болушту. Окуучуларыбыз республикалык предметтик жана улуттук олимпиадаларга жолдомо алып жатышат. Мыкты окуучулардын артында, албетте, мыкты мугалимдер турат», — деди ал.
2025–2026-окуу жылынын үчүнчү чейрегинин жыйынтыгы боюнча 72 класс-комплектте 2901 окуучу билим алууда. Учурда мектепте өз кесибин сүйгөн жүздөн ашуун мугалим жана 15 техникалык кызматкер эмгектенет.