Turmush — Тоң районунун Ак-Сай айылынын тургуну Назик Мухамеджанова декреттик өргүүдө отуруп, үндүк багуу менен үй-бүлөсүнө туруктуу киреше булагын түзө алды. Ал 25 килограммга чейин жеткен үндүктөрдү өстүрүп, ар бирин 13 миң сомго чейин сатууда. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.
«Мен 1995-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Жон-Булак айылында төрөлүп-өскөм. Учурда Тоң районунун Ак-Сай айылынын келинимин. Кесибим — мугалим. Азыр декреттик өргүүдөмүн. Эки жогорку билимим бар: биринчисин Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен бизнес-информатика багыты боюнча аяктадым, ал эми экинчи билимимди К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин педагогика факультетинен быйыл бүтүрүп жатам. Мугалимдик кесип — жүрөгүмө жакын кесип.
Учурда 4 баланын апасымын. Декретте отурсам да, убактымды текке кетирбей, үйдө ар кандай иштер менен алектенем. Алардын бири — үндүк багуу. Үндүк багып баштаганыбызга 4-5 жыл болуп калды. Айылдын четиндеги кашарда турабыз. Бул жакты үндүктөрдүн мекени десем жаңылышпайм.
Башында кайнагам менен абысыным багып көрүшкөн. Үндүктөр 24 килограммга чейин жетет экенин угуп, биз да кызыгып баштаганбыз. Ошондон бери бул ишти улантып келебиз.
Азыр биз эт багытындагы гибрид породасындагы үндүктөрдү багып жатабыз. Былтыр эң көп багып, 100 баш үндүк өстүрдүк. Ар биринин салмагы 12 килограммдан 25 килограммга чейин жетти. Бир үндүктү 7 миң сомдон 13 миң сомго чейин сатып жаттык. Бул биздин үй-бүлө үчүн жакшы эле киреше болду», — деди ал.
Анын айтымында, үндүк багуу оңой эмес.
«Суткалык балапан кезинде өтө назик болот. Кичинекей баладай эле карап, жылуулукту жакшы сактоо керек. Алгачкы 1-2 ай абдан маанилүү. Ошол учурда жакшы карасак, кийин өздөрү эле сыртка чыгып, жайылып кетишет. 4-5 айга чейин атайын жем беребиз, андан кийин буудай менен жүгөрүнү аралаштырып багабыз.
Кызыктуу учурлар да көп болот. Үндүктөрүбүз чоң болгондуктан, сатып жатканда «Бул төө кушпу же динозаврбы?» деп таң калган адамдар да кездешет.
Мындан тышкары, бош убактымда тигүүчүлүк менен да алектенем. Балдарыма, үй-бүлөмө кийим тигем, кээде буюртма да алам.
Декретте отуруп эле ар кандай иштерди жасап көрдүк. Үндүк багуу менен жакшы кирешеге чыктык. Бардыгына шүгүр кылам.
Эң негизги максатым — балдарыма татыктуу тарбия берип, билимдүү кылып өстүрүү жана коомго пайдалуу инсан болуу», — деди ал.