Turmush — Ош шаарынын Алишер Навои паркында жайгашкан зоопарк ижара акыдан бошотулбайт. Бул тууралуу социалдык иштер боюнча вице-мэр Масуда Айдарбекова Turmush басылмасына берген комментарийинде билдирди.
Анын айтымында, Ош шаардык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясына зоопаркты ижара акы алуудан бошотуу тууралуу маселе киргизилген. Бирок тиешелүү туруктуу депутаттык комиссия баш тарткан.
«Алар (туруктуу депутаттык комиссия) баш тарткандыктан, кайра ижара акы боюнча келишим түзүш керек деп, Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы иш алып барып жатат», - деди Айдарбекова.
Вице-мэр Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетовдун ижара акыдан бошотуу боюнча маселеге жообу бар экенин кошумчалады.
Баетовдун Ош мэриясына жолдогон катында: «Сиздердин Ош шаарынын Сай-Бою көчөсүндө жайгашкан айбанаттарды кармоочу жайдын 2025-жылдын 1-январынан тартып 2027-жылдын 31-декабрына чейинки ижара акысынан бошотууга макулдук берүү жөнүндөгү катыңыздар Ош шаардык кеңешинин тиешелүү туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунда каралып, ижарадан бошотууга макулдук берилбегендигин маалымдайбыз», - деп жазылган.
Азырынча Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы аталган зоопарк жылына шаардык казынага канча ижара акы берери тууралуу маалыматка жооп бере элек.
-----------------------------------------------------------------------
Зоопаркты ижара акыдан бошотуу тууралуу маселе 2025-жылдын март айында ошол учурдагы мэр Жеңишбек Токторбаев зоопаркка барган учурда көтөрүлгөн.
2025-жылдын 20-мартында Ош шаардык мэриясынын жетекчилиги Алишер Навои паркын кыдырып, ал жердеги зоопарктын абалы менен таанышкан. Зоопарктын ээси жылына 400 миң сом ижара акы төлөрү айтылган болчу.
Жеңишбек Токторбаев Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Толкунбек Нурматовго кайрылып, зоопарктын ээсин ижара акысынан бошотуу керек экенин айткан.
«Шаардык кеңешке сунуш киргизгиле. Зопаркты ижарадан бошотуп, шаардык бюджеттен азыраак болсо да каржылоону караштыралы», - деген ал.
Зоопарктын ээси жаныбарларды багуу күндөн-күнгө кыйын болуп жатканын белгилеген.
Ал эми 2025-жылдын май айында Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы зоопаркты ижарадан бошотуу боюнча документтер даярдалып жатканын билдирген.
Мекеменин билдирүүсүнө караганда, зоопарк март айынан бери ижара акысын төлөгөн эмес.
«Зоопарк учурда жердин ижара акысын төлөбөй турат. Азыр аны ижарадан бошотуу боюнча архитектуралык иш кагаздарды даярдап жатабыз. Бул иш кагаздар шаардык кеңешке жөнөтүлөт. Кеңештин кароосунан кийин маселе бир жактуу чечилет. Буга чейин зоопарк жылына 400 миң сом ижара төлөп келген», - деп айтылган маалыматта.