Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагына караштуу Баетов айылында көчөлөрдү жарыктандыруу иштери жүрүп жатат.
Баетов айыл өкмөтүнүн маалыматына караганда, буга чейин орнотулуп, бирок күйүп кеткен көчө чырактарын алмаштыруу жана көчө чырактары орнотула элек четки көчөлөрдү жарыктандыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча бөлүндү. 200 даана көчө чырак, кабель жана мамыларды алууга мамлекеттик сатып алуулар порталына сынак жарыяланып, аталган жабдуулар сатылып алынган.
Айыл аймактагы ички көчөлөрдөгү көчө чырактары жаңысына алмаштырылып, айрым четки көчөлөргө жаңысы орнотулуп жатат. Ишти Баетов айыл өкмөтүнүн жана муниципалдык ишкананын кызматкерлери аткарууда.