Turmush — Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарындагы 3 көчөгө асфальт төшөлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, шаардын аймагындагы бир катар көчөлөрдү асфальттоо иштерине жалпы 7 млн 483 миң 134 сом каражат жумшалды.
Анын ичинен:
– Ахунбаев көчөсүн (480 метр) асфальттоого — 3 млн 111 миң 613 сом;
– Ураим Норматов көчөсүн (450 метр) асфальттоого — 2 млн 158 миң 736,9 сом;
– Стаханов көчөсүн (432 метр) асфальттоого 2 млн 212 миң 785,14 сом.
«Бул иштер шаардагы жол инфраструктурасын жакшыртуу жана тургундар үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатында аткарылды. Ураим Нарматов көчөсүндө Алайбек Мамасадыков атындагы мектеп-гимназиясы жайгашкан. Жолдун асфальтталышы окуучулардын коопсуздугун шарттай алды», - деп айтылат маалыматта.