Turmush — Чүй облусунун Кант шаарына жакын жерде, Бишкек—Нарын—Торугарт айланма жолунда адам өмүрү кыйылган жол кырсык катталды. Бул тууралуу күбөлөр билдирди.
Алардын айтымында, окуя 2026-жылдын 9-апрелинде саат 22:00 чамаларында болгон.
Ал эми Чүй ОИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы Turmush басылмасына тастыктаган маалыматка караганда, кырсык Бишкек—Нарын—Торугарт айланма жолунун 35-чакырымында болгон. Күн батыштан күн чыгышты карай бара жаткан «Lexus GX 470» үлгүсүндөгү унаа «Howo» үлгүсүндөгү унаасынын артынан сүзгөн.
Жол кырсыктын кесепетинен бир жаран каза болуп, эки жаран Ысык-Ата районундагы аймактык ооруканага жаткырылды.
Учурда кырсыктын чоо-жайы такталып, унаалар айып короого киргизилди.