Turmush — Залкарбек Табылдиев Жер агенттигинин Жумгал филиалынын жер кадастры жана каттоо бөлүмүнүн кадастрдык картография боюнча адиси кызмат ордунан бошотулуп, Жер агенттигинин Жумгал филиалынын директору кызматына дайындалды.
Маалым болгондой, анын бул кызматка дайындалышы жөнүндөгү тиешелүү буйрукка агенттиктин директору Эрнисбек Зарнаев кол койду.
Залкарбек Табылдиев 1995-жылы туулган.
Билими: 2018-жылы К.Скрябин атындагы агрардык университетти аяктаган. Кесиби боюнча жерге жайгаштыруу адиси.
Эмгек жолу: 2021-жылы Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Жумгал филиалында картограф боюнча адис болуп иштеп баштап, башкы адиске чейин көтөрүлгөн. 2025-жылдын сентябрь айынан бери филиалдын убактылуу директору болуп иштеп келе жаткан.
Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы.