Turmush — Арстанбап дегенде эле дүйнөдөгү башка токойлорго окшобогон жаңгактуу, жашыл токой көз алдыңа тартылат. Адистер да дүйнөдөгү эң ири бул жаңгак токой уникалдуулугу менен айырмаланарын айтып келишет. 1943-жылы Тегерандагы жолугушууда Англиянын премьер-министри Уинстон Черчилль Сталинден Арстанбап токоюн 50 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга сурап, оң жооп ала албаганы айтылып келет.
Илимпоздор жаңгак токойлор 45 млн жыл мурда же азыркы ландшафт акыркы климаттык өзгөрүүдөн кийин пайда болгон дешет. Жаңгактын мекени болгон Арстанбап токою боюнча түрдүү пикирлер арбын. «Арстанбап-Ата» токой чарбасы 1947-жылы түзүлгөн. Учурда токойдун жалпы аянты 19 миң гектарды түзөт. Анын ичинен 5 гектары мөмөлүү жаңгак дарагы каптаган аянт катары эсептелет.
90 жашка таяп калган жергиликтүү аксакал Муктар ата Арстанбаптын тарыхы тууралуу 1800-жылдары араб тамгалары менен басылып чыккан китепти сактап келе жатканын айтты. Китеп ага ата-бабаларынан калган.
«Мендеги китепте III кылымда Орто Азияны багындырган Александар Македонский биз тарапка да келгени жазылган. Македонскийдин жоокерлерине ылаң тийип, ичтери ооруп, жатып калышат. Анан аларга биздин жаңгакты беришкенде баарынын саламаттыгы жакшырган экен. Мындан улам жортуул жасаган адам жоокерлери менен кайра артына кайтып, дарылыгы күчтүү болгон кыргыз жаңгагын ала кеткен экен. Элдин баары, керек болсо өзүбүздүкүлөр да грек жаңгагы дешет. Бул грек жаңгагы эмес, кыргыз жаңгагы болушу керек. Бул тарыхый маалыматтын кемчилдиги деп билем. Жок дегенде биз кыргыз жаңгагы дешибиз керек болчу. Россияга чейин биздин баа жеткис байлыгыбызга Аңглия өтө көп кызыктар болгон. Колумдагы китепте да өтө көп маалыматтар жазылган. Токойдун санжырасы десе болот.
Бир жылы бир илимпоз араб келиптир. Котормочу таап, мени чакыртыптыр. Көпкө сүйлөштүк. Токойдун таржымалына кызыкты. Анан ал «Алла Таалам бейишти жаратып, бир үзүмүн ушул жерге түшүрүп коюптур. Пенделерим бейиштин чекесин көрсүн десе керек. Силер бейиште жашаган эл экенсиңер. Силер кандай гана бактылуусуңар» деп өтө суктанды. Ырасында байлыгыбыз болгон токоюбуздун тарыхы узак. Өкүнгөнүм токойдун берекеси өчүп бара жатат. Жаңгактын мөмөсү жерге түшүп, өзү менен өзү өсүп, коюулануусу керек. Бирок жашоо-турмуш ага жол бербей жатат. Ушул мени өкүндүрөт», - деди ал.
Бел-Терек айылынын жашоочусу Түгөлбай Мавлянкуловдун айтымында, Сталин Америка, Англия кызыккан токойду аларга бербей койгондугу тууралуу басылмаларда көп эле жазылган. Ал окуяны китептерден окуп калган жайы бар.
«Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Англиянын өкмөт башчысы болуп турган Уистон Черчилль Тегеранда өткөн тынчтык конференциясында фашисттерге каршы күрөш ачарын айтып, ошол эле учурда Арстанбап токоюн 50 жылга пайдаланууга берүүнү суранат. Сталинде токойлорубуз тууралуу маалымат болгон эмес. Ал түштөн кийин жообун айтмак болот. Анан бул токой жөнүндө биздикилерден маалымат алышат. Экинчи сүйлөшүүдө Черчилль экинчи жолу сөз ачканда, жаңгак токойду бере албай турганын айткан. Баалуу жерибизге көз артпагыла деген ойду ачык билдирген экен. Муну Сталиндин катчысы айтып, маалыматтар китептерге чыкканын окугам. Бул факт», - деди ал.
Өмүрүн токой чарбага арнап келе жаткан адис Давлет Мамаджановдун маалыматына караганда, жаңгак токойдо 2 жолу комплекстүү изилдөө жүргөн.
«1935-жылы Москвадагы бир институттун илимий изилдөө пункту ачылып, Арстанбап, Кааба зонасында илимий изилдөө иши башталган. Анда жаңгактын түрлөрү, топурагы, жаңгактын биологиясын бүт изилдешкен. 1944-жылдан 1946-жылга чейин экинчи жолу Россиядан атайын чоң экспедиция келген. Анда 20дай илимдин доктуру, 100гө жакын кандидаттар болуп, жалпы комплекстүү изилдөөгө алынган. Эң чоң изилдөө жогоруда айтылган эки жолкуда болгон. Азыр деле өлкөдөгү институттар өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша изилдөө жүргүзүп келет. Негизи жаңгак мөмөлүү токойлордо 130дан ашык дарак бадалдары бар», - деди ал.
Токой боюнча ойлонтчу маселелер да арбын.
«Жаңгактардын мөмөсү чоң, майда, чукума, каңырты деген сыяктуу түрлөрү бар. Эмнегедир түшүмү аз дарактар көп. Үшүккө, ооруга чыдамдуу дарактар дагы бар, алар азыраак. Тилекке каршы элдин көбөйүүсү жылдан-жылга токойго күч келтирип жатат. Токоюбузду сактап калуу үчүн бул маселеге көңүл бөлүү керек. Дагы бир айта кетүүчү жагдай, токойду ижарага алгандар мөмөсүн терип эле алууда. Токойду коргоо, токой өстүрүү ишине салкын мамиле жасагандар болууда. Жаңгак күнүмдүк оокат табуучу булак эмес. Жаш көчөттөрдүн чыгуусуна аяр мамиле кылганды үйрөнүүбүз керек. Ал үчүн жаңгак мөмөсүн толук тербей, баштарында бир аз мөмө калуусу керек. Ошол мөмө жерге түшүп, көктөп чыкканда малга жедирбей өстүрүп алсак, элдин эле утушу болот», - деди адис.
«Арстанбап-Ата» токой чарбасынын жетекчисинин орун басары Сталбек Аринов ырасында эл пайдаланган токойдо өзү өсүп чыккан көчөттөр аз экенин белгиледи. Мындан улам токой чарбадагылар экме токой аянттарын көбөйтүүдө. Бул үчүн атайын күнөсканада жана көчөт эгилүүчү жайда көчөттөрдү өстүрүү аракети жанданган.
«Биздеги күнөскана 2018-жылы долбоордун негизинде курулган. Азыркы тапта 450 түп көчөт өстүрүлүп жатат. Муну улама жолу менен көбөйтөбүз. Атайын даны толо, жылда түшүм берүүчү, сырткы кабыгы жука болгон жаңгактын мөмөсүнөн эгилди. Ошондой эле токойду көбөйтүү үчүн алма, жаңгак, алча жана кымбат баалуу дарактар атайын көчөтканада өстүрүлүп, асыроо иштери жүрүүдө. Жыл сайын 250 миңден ашуун көчөт өстүрүлөт. Жаңгак көчөттөрдүн алды 4 жылдык болот. 2021-жылы ачык жерлерге эгилет», - деди ал.
Токой чарба кызматкерлери белгилегендей, токойдо 24 түп жаңгак дарагы жыл сайын түшүм берет, ысык-суукка чыдамдуу, сырты жука. Мындан улам ошол дарактардын мөмөлөрүн урук катары колдонуп келишет.
Жалал-Абад облусунда жалпы 980 миң гектар токой аянты бар. Анын ичинен 490 миң гектары токойлуу аянт болуп эсептелет. Дубанда 14 токой чарба, 1 токой коргоо станциясы, 4 мамлекеттик жаратылыш коругу, 3 мамлекеттик жаратылыш паркы бар.