Turmush — «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Азербайжан элине келин болуп, учурда жолдошу менен Дубай шаарында жашап жаткан Сезим Бактыбекова. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде чет өлкөдөгү жашоосу тууралуу айтып берди.
Каарманыбыз 2000-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда төрөлгөн. Үй-бүлөдө улуусу, анын 3 сиңдиси бар.
«18 жашка чейин айылда чоңойдум. Мектепти аяктагандан кийин Эл аралык Кувейт университетинде лингвистика багытында 4 жыл бою билим алдым. Учурда Бириккен Араб Эмирликтеринин Дубай шаарында жашап жатам«», - деди ал.
Сезим Бактыбекованын айтымында, жолдошу Рамиз 33 жашта.
«Биз 2023-жылы декабрь айында социалдык тармак аркылуу таанышканбыз. Жолдошум таанышуу максатында жазган, биздин таанышуубуз башында эле өзгөчө кызыктуу болгон. Ал мага англис тилинде жазып таанышкан. Көрсө, мени филиппин улутундагы кыз деп ойлоптур. Мен аны сүрөтүнөн орус улутуна окшоштургам. Ал мага англис тилинде кездешүүгө чакырганда англис тилинде сүйлөшкөндөн уялганымды айтып, кездешүүдөн баш тарткам. Кийин ал мага "сен орусча билесиңби?" деп сурады. Андан кийин сүйлөшүүбүз орус тилинде уланган. Ошентип сүйлөшүп, кездешип жүрүп кыз-жигит болдук.
Кыз-жигит болуп туура бир жыл сүйлөштүк. Мамилебизге жарым жыл болгондо жолдошум Кыргызстанга мени менен учуп барып, ата-энем менен таанышты. Жакшы максатта сүйлөшүп жатканын айтып, үйлөнүү максаты менен бөлүштү. Ата-энем ак калпак кийгизип, жакшы кабыл алышты.
Бир жылдан соң биз Азербайжандын борбору Бакуга учуп бардык. Ал жактан жолдошумдун үй-бүлөсү менен тааныштым, абдан жакшы адамдар экен. Жолдошум Баку шаарынан күтүүсүз сюрприз менен ресторанда колумду сурады. Ошол жактан 2025-жылдын март айында никебизди кыйдык. Нике кыйуу учурунда биз менен жолдошумдун апасы болду, менин ата-энем онлайн макулдугун беришти. Ошентип 2 айдан соң, 2025-жылдын май айында 05.05.25 кооз күндө расмий түрдө Бириккен Араб Эмирликтеринин Дубай шаарында баш коштук. Бизде эч кандай той болгон жок. Ата-энелерибиз алыстан гана куттукташты. Тойго кеткен акчага бал айына башка өлкөгө барып эс алууну чечтик. Үйлөнгөн соң бал айын Таиланддын Пхукет шаарында өткөрдүк», - деди ал.
Сезим Бактыбекова алгач өзүнүн үй-бүлөсү азербайжан жигитке баш кошуусуна каршы болгонун, бирок кайын журту жылуу тосуп алганын айтты.
«Башында менин ата-энем бир аз каршы болду. Кыргыз улутуна турмушка чыгуумду каалашты. Бирок акыры өз жашоом өзүмдүн колумда экенин түшүнүштү. Жолдошум менен жолуккан соң кандай адам экенин билип, батасын беришти жана бизге бакыт тилешти.
Жолдошумдун үй-бүлөсү абдан жакшы кабыл алышты. Башында коркком, башка улуттун кызы деп кабыл алышпаса керек деп ойлогом. Бирок жолдошумдун ата-энеси кызындай кабыл алып, иш кылдырбай, тамактын түрүн жасап тосуп алышты», - деди ал.
Каарманыбыз тилден кыйналып, түшүнүүгө кыйналганын, учурда жолдошуна кыргыз тилин үйрөтүп жатканын айтты.
«Биз баш кошкон соң мен үчүн эмоция менен урушуу, өз оюмду, пикиримди орус тилинде жеткирүү оорураак болду. Анткени ушул жашка чейин кыргызча сүйлөгөм. Жолдошум менен орусча сүйлөшүүгө туура келди. Анын тилин түшүнүүгө көп аракет кылдым, ал тез сүйлөгөндө эч түшүнбөй калам. Жакшы жагы, мен жолдошума кыргыз тилин үйрөтүп жатам.
Үйлөнгөн соң эч кандай келиндик кызматты аткарган жокмун. Өзүмдүн жашоом кандай болсо,ошол бойдон уланууда. Жоолук салынуу, эрте туруу, күндө жолдошума тамак жасоо деген такыр жок. Өз ишим менен гана алекмин. Жолдошум дагы, мен дагы мышыкты абдан жакшы көрөбүз. Ошондуктан азыр бизде эки мышыгыбыз бар», - деди ал.
Каарманыбыз учурдагы жумушу жана келечектеги пландары менен бөлүштү.
«Мен азыр тырмак жасоочу болуп иштейм. Ал эми жолдошум ресторандардын биринде менеджер болуп эмгектенет. Бул жакта иштеп жатканыма 3 жыл болду. Көп нерселерге жетиштим. Ата-энеме бул өлкөнү көрсөттүм, ата-энемдин үйүн тургузууга жардам бердим, өзүмө унаа алдым, саякаттадым. Азыркы учурда бөлүп төлөө жолу менен батир алдым.
Эки улуттун каада-салттарын салыштыра алган жокмун. Анткени биз башынан эле башка өлкөдө тургандыктан азырынча алардын каада-салттарын көрө элекмин. Бирок мага абдан кызык. Ушул тема боюнча мүмкүнчүлүк болсо, социалдык тармакта блог алып барууга аракет кылам. Келечекте жолдошум экөөбүз сулуулук салонун ачкыбыз келет», - деди ал.