Turmush — Нарын облусунун Ат-Башы районунда Апрель элдик революциясынын 16 жылдыгына карата эскерүү митинги өттү.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери, Апрель окуясынын катышуучулары, курман болгон баатырлардын жакындары катышты. Элдик революцияда курман болгон баатырларга арналып тургузулган эстелик алдында гүлчамбарлар коюлуп, Куран окулду.
2010-жылдын 7-апрелинде «Ала-Тоо» аянтындагы көтөрүлүштө курман болгон 87 адамдын ичинен 5 адам — Канатбек Чыңгышов, Нурлан Бейшеев, Кудаш Абдылдаев, Марат Казиев, Эрлан Өмүралиев Ат-Башы районунун тургундары болгон. Район боюнча революцияга 26 адам катышкан.