Turmush — Москва районунун Беловодск айылындагы В.Степаненко атындагы орто мектебиндеги окуучуларга каткан нан берилип жатканы жөнүндө видеонун чоо-жайы такталды. Бул тууралуу акимдин орун басары Назгүл Мекешова билдирди.
«Бүгүн, 8-апрелде атайын комиссия түзүлүп, окуянын чоо-жайы жеринде териштирилди. Соцтармакта «окуучуларга каткан нан берилип жатат» деген видео чындыкка дал келбегени аныкталды.
Экинчиден, бул видео кандай максатта жана кайсыл жерде тартылганы да күмөн жаратат. Окуучуларга күн сайын мектеп ашканасында бышырылган ысык нан берилет жана ал кийинки күнгө калтырылбайт», - деди ал.
Ал эми аталган мектептин директору Ирина Маркасованын айтымында, мектепте 1390 бала билим алса, анын ичинен башталгыч класстагы 530 окуучу ысык тамак менен камсыздалган.
«Иликтөө жүргүздүк. Эч кандай мыйзам бузуулар табылган жок. Тамак-аш менюга ылайык берилип, санитардык-гигиеналык көзөмөл жүргүзүлүп турат. Ысык тамак, нан 1 күндө 2 жолу ( 1-2 нөөмөтө окугандар үчүн) бышырылып берилет. Мектеп администрациясы жалган маалыматты жарыялап, ата-энелер менен мектептин ортосундагы байланышты бузбоогоү чакырат», - деди директор.
Ал эми ата энелердин бири Наргиза Койкеева соцтармактагы маалымат боюнча өз оюн ортого салды.
«Менин кызым Каныкей 3-класста окуйт. Соцтармактан видеону көрүп таң калдым. Эгер каткан нан берилип жаткан болсо, ата-энелер жазышмак. Кызым даамдуу тамак берилип жатканын гана айтып келет», - деди ал.
Айрым маалыматтар боюнча видео жергиликтүүлөр тарабынан чыгарылбаганы да айтылууда.