Turmush — Ак-Талаа районунун Терек айылына алманын 2 миң түп, кара өрүктүн 1200 түп көчөтү отургузулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Терек айылынын айыл башчысы Токтомуш Кожоевдин айтымында, эл аралык уюмдун колдоосу менен Таш-Бейит талаасынан 10 гектар жер бөлүнүп, 5 сорттогу 2 миң түп алманын жана 1200 түп кара өрүктүн көчөттөрү айыл тургундары, мектеп, бала бакча жана Терек айылдык администрациясынын кызматкерлери тарабынан отургузулду.
«Мындан тышкары, аларды айланта отургузууга 6 миң түп теректин көчөттөрү отургузулат Бул көчөттөр тигилген 10 гектар жердин айланасы тосмолонот», - деди Кожоев.