Turmush — Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагына караштуу Арал—Миң-Куш унаа жолунун Сары-Булуң—Миң-Куш тилкесинде жол жумуштары жасалып, тоо этектери алынууда.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, учурда 24 чакырым жолдун иштери башталып, жолдун нугу тапталып калды. Бирок алар жолдун капталындагы тоолор көп алынбай, сай жака жол салынып, агып жаткан сайдын суу тарабы көмүлүп жатканына тынчсызданышууда.
«Бул жол салгандар жолдун нугундагы тоолорду көбүрөөк албай, жеңилине качып сай жак бетке таш, кум төгүп жол кылышууда. Бул абдан опурталдуу. Түндүк—Түштүк унаа жолун да салып жатканда «Көкө-Мерен дарыясы тарапты бууп же суу жакка жол салбай, тоо-зоолорду алгыла» деп эл көтөрүлдү эле. Алар албай тескерисинче дарыя жакка кум төгүп жасап салышты эле, кийин суу көбөйгөндө жолго чыкты. Дал ушундай көрүнүш Арал—Миң-Куш жолунда кайталанып жатат. Сайдын суусунун жарымын бөгөп койгондо келечекте суунун көбөйүшүнөн асфальт жарактан чыгып калат. Азыр сайды көздөй таштарды оодарып, сайдын жарымын эле жол кылып жатышат. Себеби тоону чукуп, казып алгандан көрө сайды толтуруу жеңил болуп жатат окшойт. Жолдун курулушун азыртан көзөмөлгө албасаңар кийин кеч болуп калат», - деди алар.
Буга чейин 2025-жылдын август айында Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагына караштуу Арал—Миң-Куш унаа жолунун Сары-Булуң—Миң-Куш тилкесинде асфальтоо ишине даярдыктар башталганы кабарланган. №24 жол тейлөө мекемесинин жетекчиси Тариэл Садыков аталган жол капиталдык салымдар беренесинен каржыланганын айткан. Ага катар эле 24 чакырымдык жолдун курулушу башталып, жолдун нугу тапталып, жер жумуштары жүрүп жатканын билдирген.
Сары-Булуң—Миң-Куш тилкесиндеги 24 чакырым жолдун курулушун кытайлык «Синьцзян» компаниясынын «Бэй Синь» жол куруу жана көпүрө салуу тобу колго алган.
Ушул жылдын январь айында Turmush басылмасы Сары-Булуң айылы чаңга бөлөнүп турган чагын жазган. Аймактык кабарчы аталган айылдын тургундарынан кабар алган.
Маалым болгондой, 30га жакын түтүн жолдун боюнда жайгашкан.
Жол азабын тарткан айылдыктар коктунун ичинде жайгашып, чаңдын айынан өздөрү ооруп жатканы аз келгенсип, мал-жандыктардан бери азап чегип келишкен. Айылдын тургундары 4-5 жыл мурда улам-улам жол тосуп, нааразычылык акциясына чыгып отурушуп, айылдын ичиндеги 800 метр жолду асфальттатырып алышкан. Бирок ал асфальт бүгүн тешилип, айрым тилкелери жарактан чыккан.
Сары-Булуң айылы 25 чакырым алыс жайгашкан Миң-Куш айыл өкмөтүнө карайт. Айылдыктар дал ошол Миң-Куштан көмүр казган ишканалардын ишмердүүлүгүнө нааразы. Анткени айдоочулар унаанын үстүн жаап өтүшпөй катуу ылдамдыкта айдап өтүшкөндүктөн айыл чаңга көмүлүп калат. Аталган жерден күнүнө 100дөн ашык унаа көмүр тартып өтөт.
- Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Синьцзяндык жолдордун жана көпүрөлөрдүн Бэй Синь топ компаниясы» акционердик жоопкерчилиги чектелген коомунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү алгач 2007-жылы 14-июнда каттоодон өткөн. 2012-жылы 21-декабрда кайра каттоодон өткөн. Түзүүчүсү «Синьцзяндык жолдордун жана көпүрөлөрдүн Бэй
Синь топ компаниясы» акционердик жоопкерчилиги
чектелген коому. Компания жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу менен алектенет.